Жаңылыктар
Банктык операцияларды лицензиясы жок жүргүзгөндөргө айып пул салынат
Экономика
Банктык операцияларды лицензиясы жок жүргүзгөндөргө айып пул салынат

Бүгүндөн тарта банктык операцияларды лицензиясы же күбөлүгү жок жүргүзгөндөргө карата айып пулдун көлөмүн жогорулатуу боюнча мыйзам күчүнө кирди. 

Ага ылайык мыйзамсыз иш жүргүзгөн акча алмаштыруу жайлары буга чейин 1,5  миң сом айып пул төлөп келген болсо эми   жарандар 100 миң сомдон, юридикалык жактар 250 миң сомдон   айып төлөшөт. 

Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жана анын зарылдыгы туурасында кабарчыбыз Назира Молдокулова Улуттук Банктын "Банк эмес финансы- кредиттик мекемелерин инспекциялоо" бөлүмүнун жетекчиси Эрлан  Абдраимов менен маектешкен. 

Аны төмөндө жайгашкан аудио аркылуу укса болот.

Назира Молдокулова