Өлкөдөгү театрлардын көч башында турган Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры быйыл 90-сезонун ачат.
1926-жылы 2-ноябрда кыргыз музыкалык драма студиясы катары ачылган театр бул аралыкта далай сахна чеберлерин, мыкты таланттарды тарбиялады.
Эң алгач “Кайгылуу Какей ” чыгармасын сахналаштырган театрдын репертуарында бүгүнкү күндө кыргыз, орус жана дүйнөлүк чыгармалардын 600дөн ашууну коюлду, быйыл да артистер көрүүчүлөрүн жаңы спектакль менен тосуп алууга кам көрүшүүдө.
Сайра Батыркулова