Жаңылыктар
Муралиев чет элдик чалгындоо кызматынын көзүнө качан илинген?
Кылмыш
Муралиев чет элдик чалгындоо кызматынын көзүнө качан илинген?

“Дело №”  гезитине 21-сентябрь күнү “Тыңчы агент Алтынбек Муралиевдин  эки жашоосу”  деп аталган макала жарыяланды. Өкмөттүн  Аппаратынын мурдагы эл аралык кызматташтык бөлүмүн башчысы Алтынбек Муралиев “мамлекеттик чыккынчылык” боюнча 22 жылга эркинен ажыратылган болчу. Маалыматтарга караганда, ал өкмөттүн  Аппаратында жогору  кызматты аркалап туруп мамлекеттик сырды чет элдик чалгындоо кызматтарына үзгүлтүксүз жиберип турган. Деген менен аталган басылма  Муралиев Кыргызстандын мамлекеттик сырларын кайсыл өлкөгө сатып тургандыгын жазган эмес. 

“Дело №” гезити жазгандай, Муралиев чет элдик чалгындоо кызматтарынын көзүнө Турцияда окуп жүргөн кезинде илинген. Башкача айтканда, Анкарадагы Орто-Чыгыш университетинде окуп,  Стамбулда  Кыргызстандын  башкы-консулдугунда  тажрыйба алмашып жүргөн  кези болчу.  

Кийинчерек башкы консулдукта референт-катчы, андан соң атташе, вице-консулдук кызматтарды аркалап, жалпы жонунан Муралиев Стамбулда 5 жылдай дипломатиялык кызматта иштеп, ошол мезгилде азгырык жолго түшкөн. Ушул жылдары, тактап айтканда, атасы Амангелди Муралиев премьер-министр  болуп иштеп турган. Чет элдик чалгындоо кызматы Алтынбек Муралиевди тыңчылыкка тандап алышынын башкы себеби дагы ушул болушу мүмкүндүгүн жазат басылма.

Гүлжан Каражанова