Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова Ислам оюндарында экинчи ирет алтын утту
Спорт
Айсулуу Тыныбекова Ислам оюндарында экинчи ирет алтын утту

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн алтын медалдын ээси болду. 

Айсулуу Тыныбекова алгач эле чейрек финалдан баштап, казакстандык спортчуну жеңген. Жарым финалда сенегалдык балбан кыз менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган. Ал эми финалдык беттеште гвинеялык спортчу менен кез келип, 11:0 эсебинде жеңишти камсыздады. 

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова 2017-жылы Ислам оюндарында алтын байгеге ээ болгон. Учурга карата өлкөнүн капчыгында 2 алтын, 1 күмүш жана 1 коло медалдар бар.