Жаңылыктар
ДССУ: Маймыл чечегинен он бир адам каза тапты
Дүйнө
ДССУ: Маймыл чечегинен он бир адам каза тапты

Жыл башынан бери дүйнөдө 27 миң 814 адамдан маймыл чечеги дарты аныкталды. Бул бейтаптар 89 өлкөдөн катталган. 

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечегинен жалпы 11 адам каза тапканын айтып чыкты. Бул вирус менен катталгандардын көпчүлүгү же 16 миң 814 адам Европа өлкөлөрүндө. М

аймыл чечеги дарты Америкада 7510 адамдан, Испанияда 4577 адамдан, Германияда 2887 адамдан, Улуу Британияда 2759 адамдан, Францияда 2239 адамдан, Бразилияда 1721 адамдан аныкталган.

 Көз жумган 11 бейтаптын ичинен 4 адам Нигерияда, 2 адам Испанияда, 2 адам Борбордук Африка Республикасында.