Жаңылыктар
Диний уюмдар тууралуу мыйзамдарга комментарий иштелип чыкты
Дин
Диний уюмдар тууралуу мыйзамдарга комментарий иштелип чыкты

Кыргызстанда алгачкы жолу диний уюмдар тууралуу мыйзамга илимий-практикалык комментарий иштелип чыкты. 

Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айтылды.

Аталган комментарий “Кыргыз Республикасында мамлекет жана жарандык коомдун биргелешкен аракети менен динге ишенүү эркиндигин илгерилетүү” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

Демилгечилер бул мыйзамдын кабыл алынышы менен өлкөдөгү мамлекеттик-конфессионалдык мамилелер жаңы, сапаттуу этапка чыгат деп эсептешет.


Бозулан Ысаков