Жаңылыктар
Ислам шериктештиги оюндары. Кыргызстан 9-орунга көтөрүлдү
Спорт
Ислам шериктештиги оюндары. Кыргызстан 9-орунга көтөрүлдү

13-августка карата Кыргызстандык спортчулар Ислам тилектештиги оюндарында өлкө куржунуна 6 медаль салып, жалпы командалык тизмеде 9-орунга көтөрүлдү. 

Спортчу Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова алтын тагынса, Амантур Исмаилов күмүш, Атабек Азисбеков менен Денис Петрашов коло багындырды. 

Ушуну менен Кыргызстандын куржунунда 15 медаль - 6 алтын, 5 күмүш жана 4 коло болуп, 10-орундан 9-орунга көтөрүлүүгө мүмкүнчүлүк берди. 

Түркияда өтүп жаткан мелдешке 40 мамлекеттин спортчулары катышууда.