Жаңылыктар
Кыргызстанга келген туристтердин агымы эки эсе өстү
Туризм
Кыргызстанга келген туристтердин агымы эки эсе өстү

Бул жылы жайында Кыргызстанга келген туристтердин агымы кыйла көбөйдү. 

Aviasales.kg`нин изилдөөсү көрсөткөндөй, бул жылы чет элдиктер өткөн жылга салыштырмалуу билеттерди эки эсе көп издешкен. Кыргызстанга көбүнчө Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан жана Германиядан келишүүдө. 

“Рейтингден түшкөн жалгыз өлкө – Туштүк Корея. Буга карабай ал Кыргызстанга күзүндө келүүнү пландаган өлкөлөрдүн тобуна кирди”, - деп айтылат маалыматта. 

Aналитиктердин айтымында, өткөн жайга салыштырмалуу россиялыктар арасында билетке болгон суроо-талап 98%, түркиялыктарда 77% өскөн. Өзбекстандан 119%, Казакстандан 5%га көбүрөөк билет издешкен. Германиянын тургундарынын арасында суроо-талап 141%га өскөн. 

Кыргызстанга билеттердин баасы дагы өзгөргөн. Россиядан Кыргызстанга билеттердин орточо баасы 14 миң 250 сомду түзсө, өткөн жылы ушул мезгилде баалар 40%га төмөн болгон. Түркия жана Казакстанда дагы ушундай эле көрүнүш. Ал жакта билеттин баасы 27% жана 25%га көтөрүлгөн. Ал эми Өзбекстан менен Германияда билет баалары тескерисинче арзандаган. Өзбекстанда билеттин баасы орточо 33%га, ал эми Германияда 9%га төмөндөгөн.