Жаңылыктар
Ислам тилектештиги оюндары: Роман Петров Кыргызстанга дагы бир алтын алып берди
Спорт
Ислам тилектештиги оюндары: Роман Петров Кыргызстанга дагы бир алтын алып берди

Кыргызстандык спортчу Роман Петров Ислам тилектештиги оюндарында фехтование боюнча алтын медаль утту. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. 

Ал 15-августта, мелдешке чыккан. Финалдык беттеште Азербайжандан келген спортчу менен кез келип 15:11 эсебинде жеңип алды. 

Ушуну менен Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын куржунуна 20 медаль чогулду. Анын ичинен Петровдун жеңиши улуттук командага жетинчи алтын байгени алып келди. Андан башка алты күмүш, жети коло бар.