Жаңылыктар
Кытай өкүлчүлүгү КТРКда
УТРК жаңылыктары
Кытай өкүлчүлүгү КТРКда

Тарых жана маданият жылынын урматына өткөрүлүп жаткан «Кыргызстандагы Кытай киносунун күндөрү» иш-чарасы КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен «kg club production» кинокомпаниясы уюштурууда.

26-январдан 30-январга чейин борборубуздагы “Манас”, “Ала Тоо”, “Кино үйү”, “Октябрь”, “Кыргыз киносу” кинотеарларында Кытайдын эң мыкты деген беш тасмасы көрсөтүлөт. Алардын ичинде студентик тандалма тасмалар да бар.

26-январда салтанаттуу ачылышка  КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КТРКнын өкүлдөрү жана башка мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун маданият департаментинин орун басары Хуан Юнцзюн  баштаган Кытай делегаттары катышты.

Аталган иш-чаранын алкагында 26-декабрда  Уйгур автономдуу районунун маданият департаментинин орун басары Хуан Юнцзюн  баштаган Кытай делегациясы КТРКга таанышуу сапары менен келип кетти.

Сапар учурунда кытай делегациясы КТРКнын бай тарыхы камтыган музейден баштап заманбап техникалар менен жаңыланган студиялар менен таанышып чыгышты. Андан соң КТРК жетекчилиги менен кызматташуу тууралуу кенен сүйлөшүштү. Сүйлөшүүлөр абдан кызыктуу болуп, маданият жана тарых жылына карата алдыда биргеликте жасалчу маданий иш-аракеттердин өзгөчө көп экендигин айтылды.