Кыргызстандын делегациясы Түштүк Кореяда өткөн туристтик шоуда баш байгеге ээ болду. Бул тууралуу өлкөнүн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирет.
KITS 2022 туристтик иш-чарасына Кыргызстандын атынан Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду катышып, көргөзмөдө өз павильонун тартуулады.
Мекеме маданий борборлор жана кореялык туроператорлор менен кызматташуу тууралуу үч меморандумга кол коюшкан. Бир ай мурун дагы бир меморандумга кол койгон Сеулдун туристтик ассоциациясы Кыргызстанга азыркы туристтик инфраструктураны жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгүн анализдөө үчүн эксперттик топ жөнөтүүгө даярдыгын билдирди.
Алар туристтик кызматты санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду талдап чыгууга кызыкдар.