Жаңылыктар
Ислам тилектештик оюндары аяктады
Спорт
Ислам тилектештик оюндары аяктады

Түркиядагы Ислам шериктештиги оюндарынын жабылуу аземи өттү. Салтанатта Кыргызстандын желегин кикбокс боюнча Ислам оюндарынын күмүш медалынын ээси Адилет Улан уулу көтөрдү.

Түркиянын Конья шаарында өткөн Ислам шериктештиги оюндарына жалпы 54 өлкөдөн 4200 спортчу катышты. Кыргызстандан спорттун 16 түрүнөн спорчулар катышып жалпы 31 медалга ээ болду. 

Анын 8 алтын, 8 күмүш жана 15 коло медаль. Буга жаа атуу спорту боюнча байге медалдык эсепке киргизилген жок. 

Ислам оюндарынын тизмесинде медалдардын саны боюнча Кыргызстан 9-орунду ээледи. Алдыңкы үчтүктө Түркия, Өзбекстан жана Иран турат.