Жаңылыктар
Коомчулуктун талкуусундагы Ыскак бала бакчага орноштурулду
Кыргызстан жаңылыктары
Коомчулуктун талкуусундагы Ыскак бала бакчага орноштурулду

Кара-Суу базарындагы контейнердин жанында сыз жерде уктап жаткан 3 жашар Ыскак бала бакчага орноштурулду. 

Ал эми, 7 жаштагы бир тууган эжеси 1-класска кабылалынды. 10 жылдан бери өздүк документтери жок жашап келе жаткан үй-бүлөгө документтер берилип, жашоого ыңгайлуу батирге жайгаштырылды.

Эске салсак, социалдык тармактарда 3 жаштагы баланын сыз жерде уктап жаткан сүрөтү катуу талкууга алынган.

Кубанычын жашыра албаган баланын энеси эгерде биз президенттин көз жаздымында калбаганда, жашообузга ушундай өзгөрүү кирерине күмөнүм бар эле дейт.