Жаңылыктар
Президент Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн алып келүүнү тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн алып келүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигине, Өзгөчө кыдаалдар министрлигине, “Манас” эл аралык аэропортуна Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы Эрбол Султанбаев маалымдады.

“ТИМге, ӨКМге, “Манас” эл аралык аэропортуна Орусиянын Ульянов облусунда катталган каргашалуу жол кырсыгында каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды”, — деп айтылат маалыматта.