Жаңылыктар
Укук коргоочулар ЖОЖдорго кабыл алууга мониторинг жүргүзүшөт
Билим
Укук коргоочулар ЖОЖдорго кабыл алууга мониторинг жүргүзүшөт

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы аппаратынын 30 кызматкери өлкөнүн жогорку окуу жайларына  кабыл алуу жараянына көз карандысыз байкоо жүргүзүшөт. Бул тууралуу буйрукка Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Б.Аманбаев кол койду. 

Ошондой эле  Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлерин бардык жогорку окуу жайларга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин буйругу да чыгарылды. Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери өлкөнүн жогорку окуу жайларына кабыл алууда абитуриенттердин укуктарынын бузулушуна жол койбоо боюнча аракеттерди көрүшөт.  

Аппараттын кызматкерлери борбор калаадагы жогорку окуу жайларынан башка да бардык облус борборлорундагы жогорку окуу жайларынын ишине байкоо жүргүзүшөт.

Акыйкатчынын Чүй облусу боюнча өкүлү А.Үсөновдун сөзүнө караганда, өкүлчүлүктүн кызматкерлери Чүй облусундагы онго жакын орто окуу жайларына кабыл алууга да байкоо жүргүзүшөт. “Биз кечээки бүтүрүүчүлөр, бүгүнкү абитуриенттерди кабыл алуу ачык жана калыс өтсө экен деген ниеттебиз. Бирок тилекке каршы,  бюджеттик орундарга кабыл алууда айрым калпыстыктарга жол берилген учурлар кездешет. Кабыл алуу акыйкат болушу үчүн күрөшөбүз ”,-дейт А.Үсөнов.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү бардык облустардагы жогорку окуу жайларында жана борбор калаадагы окуу жайларда нөөмөттө турушат. Эгер абитуриенттердин укуктары бузулса, укук коргоочуларга жеринде кайрыла алышат. Ошондой эле Акыйкатчы Аппаратынын жалпы бөлүмүнө 66-32-80 телефону аркылуу кайрылып,  суроолорго жооп алышса болот.