Жаңылыктар
Токмоктогу жол кырсыгынан беш адам жабыркады
Кырсык
Токмоктогу жол кырсыгынан беш адам жабыркады

Токмок шаарынын тушунда Lexus 570 үлгүсүндөгү унаа менен Fiat Punto жеңил машинасы кагышып, кырсыктан беш адам жабыркады. Жол кырсык 20-августта саат 17:20лар чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 69-чакырымында болгон. 

Жол тандабас чыгыштан батышты көздөй кетип баратканда ошол эле тарапты көздөй трассанын оң тарабында турган жеңил унаа жолго чыга калган. Натыйжада, андагы беш адам жабыркап, Токмок шаарындагы аймактык ооруканага кайрылышты. Алардын арасында үч жаштагы наристе бар.