Жаңылыктар
Элчилик ооруканадагы үч адамдын абалы боюнча маалымат берди
Кырсык
Элчилик ооруканадагы үч адамдын абалы боюнча маалымат берди

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Ульяновск облусундагы кырсыктан жапа чеккен үч адамдын абалы боюнча маалымат берди. Билдирмеге караганда, жабыркагандар Ульяновск облустук ооруканасына жаткырылган. 

21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Дагы үч адам оор абалда ооруканага жеткирилген.