Жаңылыктар
ЖК: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү колдоо тапты
Саясат
ЖК: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү колдоо тапты

Жогорку Кеңештин депутаттары Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча “Референдумду дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында талкууланып, ага 94 эл өкүлү макул деген добушун беришти.

Жыйында мыйзам демилгечилеринин бири, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев баяндама жасап, ал баш мыйзамды өзгөртүү зарылчылыгы, максаттары жана Конституциялык реформанын негиздери жөнүндө айтып берди. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, референдумду дайындоо ушул жылдын 4-декабрына белгиленет деп күтүлүүдө.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118