Жаңылыктар
Район башчыларын премьер-министр дайындашы зарыл
Саясат
Район башчыларын премьер-министр дайындашы зарыл

Конституцияга киргизилип жаткан бул өзгөртүүнү колдогондор, район башчысы жергиликтүү депутаттарга көз каранды болбошу керектигин айтышууда. Бирок, ага каршы пикирдегилер мындай аракет бийликти борборлоштурарын белгилейт. 

Акимдерге байланыштуу жобо Конституциянын 89-беренесине камтылган. Анда район башчыларын жергиликтүү депутаттар шайлаары көрсөтүлгөн. Бул акимдердин аймактагы эл өкүлдөрүнө көз карандылыгын шарттап жатат дегендер бар. Бул пикирге айрым жергиликтүү жетекчилер да кошулат. 

Чүй районунун акими Каныбек Апбасов өкмөт менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын талаптары эки башка экенин айтууда.

Жалпы жаңы долбоор тууралуу сөз кыла турган болсок, ал өкмөттү күчтөндүрүү максатын көздөйт. Акимдердин дайындалышына байланышкан берене да ушул жагдайга негизделген.


Калыгул Асамбаев