Жаңылыктар
Көгүлтүр от үчүн карызга жеңилдиктер берилет
Экономика
Көгүлтүр от үчүн карызга жеңилдиктер берилет

Бишкекте көгүлтүр от үчүн карызга жеңилдиктер берилип, 1-октябрдан 30-ноябрга чейин акция жарыяланды. Ага ылайык, карыз төлөнгөндөн кийин 30-сентябрга чейин жазылган туум толугу менен кыскартылат. Мындан тышкары  буга чейин жаратылыш газы өчүрүлгөн Бишкектиктер карызынан кутулуп, газды коштуруп алса болот. 

Маалыматка ылайык, мындай жараян алгач Бишкек шаарында гана башталууда, кийинчирээк өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылмакчы. 

Эске салсак, Кыргызстанда союз ыдырагандан бери республиканын газ тармагына атайын каражат жумшалган эмес, баардык куурлар советтик сапаттын негизинде иштеп келе жаткан, кээ бир жерлери  гана оңдолуп келген. Ал эми соңку кезде “Газпром Кыргызстан” компаниясы республиканын жалпы газ тармагын жаңылоого жана газдаштырууга киришип жатат. Мурда өлкө жаратылыш газы боюнча Өзбекстанга көз каранды болуп келген.


Мээрим Абдраманова