Жаңылыктар
Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери батирлүү болду
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери батирлүү болду

Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери батирлүү болду. Батирлердин ачкычтарын Президент салтанаттуу түрдө тапшырды. Садыр Жапаровдун айтымында, мамлекет мындан ары да аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо программасын ишке ашыруу боюнча ырааттуу аракеттерди көрөт. Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекет башчысы жаңы үйдүн батирлерин көрүп чыгып, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин дагы бир жолу конушуңар куттуу болсун деп куттуктады. Жаңы турак жай 306 үй-бүлөгө эсептелген. Ал бир жарым жылдын ичинде курулуп бүткөрүлдү.