Жаңылыктар
Балет жылдыздарынан жандуу концерт
Маданият
Балет жылдыздарынан жандуу концерт

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында, Эрнест Латыповдун “Чоң балет” деп аталган концерти болуп өттү. Концерттин максаты балет искусствосуна маани берип анын андан аркы өркүндөшүнө шарт түзүү болду. 

Концертке эл абдан көп келгендиктен, айрымдарына орун жетишпей туруп көргөнгө туура келди. 

Анда кыргыз улуттук опера жана балет театрынын бийчилери Марат Сыдыков, Мадина Меджекеева жана Санкт-Петербургдагы Мариинск театрынын солисти Эрнест Латыпов баш болгон таланттар балет бийин жогорку деңгээлде аткарышты. 

Концерт көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, бул кече абдан көңүлдүү өттү.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118