Жаңылыктар
Хоккей боюнча Президенттин кубогу өтөт
Спорт
Хоккей боюнча Президенттин кубогу өтөт

25-августтан 5-сентябрга чейин Кыргызстанда алгачкы жолу өспүрүмдөр арасында хоккей боюнча эл аралык деңгээлдеги Президенттин кубогу өткөрүлөт. 

Мамлекет башчысынын демилгеси менен ишке ашып жаткан мелдешке АКШ, Румыния, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Латвия, Эстония, мамлекеттеринен командалар келишти. 3 этап менен 10, 12 жана 14 жаштагы балдар арасында өтө турган мелдешке Кыргызстандын 7 облус 2 шаарынан биригип алты команда ат салышат. 

Баш байге Президенттин кубогунан сырткары мыкты ооюнчулар тандалып, бир катар кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат. 

Мындан сырткары АКШнын хоккей академиясы кыргыз спортчуларынын мыктыларын тандоо турун өткөрөт. 

Дене-тарбия жана спорт департаменти мындай жогорку деңгээлдеги эл аралык мелдешти жыл сайын өткөрүүнү көздөөдө.