Жаңылыктар
Чолпон-Атада шериктеш өлкөлөрдүн өкмөт башчылары чогулду
Саясат
Чолпон-Атада шериктеш өлкөлөрдүн өкмөт башчылары чогулду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун Төрагалыгы астында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны башталды. 

Эки күнгө созулган иш чарага Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, байкоочу мамлекеттердин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы, ошондой эле чакырылган мамлекеттердин өкмөт башчылары катышууда.