Жаңылыктар
Пара алган милиция кызматкерлери кармалды
Кылмыш
Пара алган милиция кызматкерлери кармалды

УКМК Москва районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын кызматкерлери, милициянын капитаны жана милициянын лейтенантын кармады. Алар ар кандай шылтоолор менен жарандан сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын токтотуу үчүн 200 миң сом пара катары алууга аракет кылышкан. 

Жаран Москва райондук милиция кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. Шектүүлөр 70 миң сом өлчөмүндө акча алып жатканда колго түшкөн. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.