Жаңылыктар
Букуев футзал боюнча Дүйнө мелдешинин финалдык беттешин тейлейт
Спорт
Букуев футзал боюнча Дүйнө мелдешинин финалдык беттешин тейлейт

Кыргызстандык ФИФА калысы Нурдин Букуев футзал боюнча Дүйнө чемпионатынын финалдык беттешин тейлейт. 

Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты жазып чыкты. Мелдеш Колумбияда өтөт. 

Чечүүчү беттеш Россия менен Аргентинанын ортосунда болмокчу. Финалдык кездешүү биринен экинчи октябрга караган түнү, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:30да орун алат. 

Нурдин Букуев испаниялык башкы калыс Фернандо Гутьерреза Люмбрерасанын тобунда иш алып барат. Экинчи калыстын милдетин уругвайлык Даниэль Родригез аркаламакчы. Ал эми мекендешибиз Нурдин Букуев 3-рефердин кызматтык ордуна бекитилди. Россия-Аргентина беттеши Колумбиянын Букараманга шаарындагы «Колизео Бисентенарио» стадионунда орун алат.

 Бул жылы Букуев ушуну менен 8-жолу футзал боюнча Дүйнө чемпионатын тейлемекчи. Буга чейин Украина-Бразилия, Египет-Росия, Аргентина-Украина өңдүү мамлекеттердин курамаларында калыстын милдетин аркалаган.