Жаңылыктар
Кыргыз - казак чек арасында унаалардын тыгыны жок
Чек ара
Кыргыз - казак чек арасында унаалардын тыгыны жок

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде унаалардын жана адамдардын тыгыны жок. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. 

Маалыматта мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги бекеттер штаттык режимде иштеп жаткандыгы айтылат. 

"Өткөрүү бекеттеринде унаалардын жана адамдардын тыгыны байкалган жок. Мамлекеттик чек арадан өтүү боюнча кошумча маалыматтарды 0312 88 16 18, 0312 54 38 36 телефон номерлери аркылуу тактап алса болот", - деп айтылат маалыматта.