Жаңылыктар
Нарында Көк бөрү боюнча жарым финалдык оюндар өттү
Спорт
Нарында Көк бөрү боюнча жарым финалдык оюндар өттү

Нарында Көк бөрү боюнча жарым финалдык оюндар өттү. Анда төрт команда ат салышып, финалдык беттешке "Алай” командасы менен "Ак шумкар" командасы суурулуп чыкты. 

Эми алардын бүйүр кызыткан финалдык беттеши 31-август күнү өтөт. Бул оюндар Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгын утурлай өлкө башчысынын кубогуна арналып өтүүдө. 

Ал эми 30- августан тарта ат оюндарынын башка түрлөрү боюнча мелдештер башталып, финалдык беттештер 31- августка белгиленген.