Жаңылыктар
Футболго байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат
Спорт
Футболго байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат

Бүгүн Кыргызстан жана КМШ ардагерлеринин футбол боюнча беттешине байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат. 

Саат 14:00дөн тартып, 23:00гө чейин төмөнкү Тоголок Молдо көчөсү түндүктү карай — Чүй проспектисинен тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.

Кайгуул кызматы айдоочулардан жол эрежесин сактап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат. 

Беттеш учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун укук коргоо органдары жана кайгуул кызматы камсыздайт.