Жаңылыктар
Азаптан бошонгонго 72 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Азаптан бошонгонго 72 жыл толду

Бүгүн Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Ленинград блокадасын жырып өтүүнүн 72 жылдыгына арналган митинг-реквием болду. Митинг реквиемге коомдук ишмерлер, согуш ардагерлери, блокадачылар, коомдук жана маданий ишмерлер, бийлик өкүлдөрү жана Кыргызстандагы Орусия элчилигинин өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек  Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Ленинград шаары 900 күн бою германдык фашисттердин курчоосунда кармалган. Курчоодо калып теңдешсиз азап тарткан 2,5 млн адамдын 400 миңдейи жаш балдар болгон. Ачкачылыктын кесепетинен  640 миң шаардык тургун көз жумган. Бирок, шаардыктар каармандык көрсөтүп, ачкачылыкка, суукка кайыл болуп, баш ийип берген эмес.