Жаңылыктар
Хоккей боюнча президенттин кубогу жыйынтыкталды
Спорт
Хоккей боюнча президенттин кубогу жыйынтыкталды

Бишкекте балдар арасында хоккей боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Асел Абдыгулова билдирди.

Анын айтымында, спорттук иш-чара 25-августтан 5-сентябрга чейин Bishkek Arena муз аянтчасында болду. "Турнир үч категорияда – 10, 13 жана 14 жашка чейинки балдар арасында өтүп, анда АКШ, Румыния, Түркия, Эстония, Латвия, Өзбекстан, Казакстандан жана Кыргызстандын аймактарынан келген жалпы 20 команда күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында 13 жашка чейинки балдар 3-орунга илинди", - дейт ал. 

Нарын хоккей лигасынын вице-президенти Бактыбек Жумагулов президенттин кубогу үчүн мелдеш мындан ары жыл сайын өтө турганын белгилеп кетти.

"Командалардын санын 10го жеткирүүнү көздөп жатабыз", - деди ал.