Жаңылыктар
Күнүнө алты өспүрүм боюнан алдырган өлкө
Дүйнө
Күнүнө алты өспүрүм боюнан алдырган өлкө

Мелания Аморим окуусун жыйынтыктап, акушер-гинеколог катары ишин жаңы баштаганда эле кош бойлуу өспүрүм кызга кезиккен. 13 жаштагы кызды короодо зордуктап кетишкен экен. Окуя анын энеси үйдө иш кылып жатканда болуптур.

Окуя Бразилиянын түндүк-батыш тарабында болгон. Бул аймактын басымдуу бөлүгү динге жакын болгондуктан, бойдон алдырууга дарыгер табуу оңой эмес.

"Кыздын апасы үй тазалап жан багат экен. Чоң үйдү тазалап жатып, кызын бассейндин боюнда, короодо отуруп тур деп кетиптир. Ошондо белгисиз бирөөлөр аны зордуктап салат. Ооруканадагы дарыгерлер аборт жасабайбыз деп чыкты. Мен ишке жаңы келген жаш кызматкер элем. Ага карабай операцияны мен жасадым. Себеби жаш баланын өмүрүн сактап жаттым. Сексуалдык зомбулукка кабылган адам катары боюнан алдыруу анын укугу деп ойлойм",-деп айтты көзүнө жаш алган Мелания.

Ошол күндөн тарта дарыгер сексуалдык зомбулукка кабылган өспүрүмдөр менен иштеп баштаган. Андан бери отуз жыл өттү.

Үрөй учурган статистика

Бразилиянын калкы он жаштагы кыздын зордукталганы боюнча жаңылыктар тараганда нес абалына түштү. Бул секелек кыз дагы аборт жасаткан. Аны өзүнүн эле аталаш агасы бир нече жылдан бери зордуктап келиптир. Окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Сан-Матеус шаарында болгон.

Үрөй учурган окуя кызуу талкууга алынып, жаш кыздын маалыматы дагы ачыкка чыгып кетти. Кыз жана анын ата-энеси абортту каалаганы менен, айрым динчил топтор оорукананын алдында демонстрация өткөрүп, сот аркылуу аборт жараянын токтотууга аракеттенишкен.

Бразилиянын мыйзамына ылайык, өлкөдө аборт сексуалдык зомбулукка кабылгандарга гана уруксат берилет. Алты жашынан бери аталаш агасы тарабынан кордук көрүп келген он жаштагы кызга сот аборт жасоого уруксат берген.

Бул окуя коомдо кызуу талкууланганы менен, дарыгер Аморим Бразилияда аборт жасоо кеңири тараган практика экенин айтат. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасынын статистикасына ылайык, орточо эсеп менен алганда күнүнө 10-14 жаштагы алты кызга аборт жасалат.

Өлкөдөгү сексуалдык зомбулукка кабылгандардын статистикасы дагы үрөй учурат. "Бризилиянын коомдук коопсуздук форуму" аттуу бейөкмөт уюм атайын изилдөө жүргүзүп, өлкөдө төрт саат сайын 13 жашка чыга элек бир кыз сексуалдык зомбулукка кабылып жатканын билген.


Жаш кыздардын төрөгөнү абдан кооптуу

"Алар ооруканага коркуп келгени байкалып турду. Үрөй учурган окуядан кийин кыздын ата-энеси дагы деле дендароо абалында болчу",-дейт дарыгер Аморим.

10-15 жаштагы кыздардын көз жарганы эненин жана баланын ден-соолугуна абдан кооптуу. Unicef жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, 15 жашка чыга элек кыздын төрөт учурунда каза табуу ыктымалдуулугу беш эсеге жогору. Американын гинекология боюнча журналы 15 жаштагы же андан жаш кыз көз жарса, төрөттөн кийин кан токтобой аккан учурлар көп катталганын жазып чыккан.

Андан тышкары жаш кыздын төрөгөнү ымыркай үчүн дагы абдан кооптуу. Мелания Аморим 10-15 жашында төрөгөн кыздардын ымыркайларынын эклампсия же кан басымдын жогору болгон илдетке кабылуу коркунучу бар экенин айтат. Бул илдеттен улам ымыркай комага түшүп калышы ыктымал.

"Мындай жаштагы кыз төрөсө, баласы салмак кошпой, бою адаттагыдай өспөйт. Себеби эненин организми толук өнүгө элек болуп жатпайбы. Ошондуктан көп учурда балдар мөөнөтүнөн кыйла эрте төрөлөт",-дейт дарыгер.

Эл аралык деңгээлдеги дарыгерлер 15 жашка чыга элек кыздарды боюнан алдырып салуу медицина жагынан туура кадам болорун белгилешет.

"Төрөт ар бир аялга кооптуу болушу мүмкүн. Ал эми жаш кызга бул өтө эле коркунучтуу",-дейт Мелания Аморим.

Мелания Аморим отуз жылга созулган карьерасында сексуалдык зомбулукка кабылган алты айлык ымыркайдан 92 жаштагы улгайган аялга жардам берген.

Бирок сексуалдык зомбулукка кабылгандардын бары эле жардамга кайрылбайт. Аморим айым айрым өспүрүм кыздар кош бойлуу экенин жашыруун кармап, төрөгөнгө аз калганда гана ооруканага келерин айтат.

"Жаш кыздардын көбү боюн алдырууга укуктуу экенин билишпейт. Айрымдар лицензиясы жок жерлерге барып, аборт жасатышат. Бул дагы абдан кооптуу",-дейт дарыгер.


10 жаштагы кыздын окуясы 8-августта ачыкка чыккан. 14-августта өспүрүм жашаган штаттын борбору Виториа шаарынын ооруканасынын дарыгерлер соттун чечимине карабастан аборт кылуудан баш тартканы, талкууну күчөттү. Дарыгерлер жаш кыз кош бойлуу болгонуна 22 аптадан ашты деген жүйөө кармашкан. Бразилиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 22 жумадан кийин бойдон алдыруу кооптуу деген кеңеш берет.


Жаш кыз аргасыздан 1650 чакырым алыста жайгашкан Ресифи шаарындагы ооруканада аборт жасаткан. Бул окуяга Аморим айым катуу кабатыр болгон.

"Кош бойлуу аялдар менен иштеген оорукана сот чечиминен кийин аборт жасашы керек. Алар ар түрдүү себептерди айтып убакытты чоюшту дагы, 22 аптадан өтүп кетти деген шылтоо менен жоопкерчиликтен баш тартты",-дейт дарыгер.