Жаңылыктар
УТРКнын Башкы директору К.Иманалиев менен Фуджейра Эмиратынын Emirates News Agency маалымат агенттигинин Директору С.Каййани менен жолугушуусу болуп өттү
УТРК жаңылыктары
УТРКнын Башкы директору К.Иманалиев менен Фуджейра Эмиратынын Emirates News Agency маалымат агенттигинин Директору С.Каййани менен жолугушуусу болуп өттү

2022-жылдын 2-сентябрында, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Башкы директору Кайрат Иманалиев менен Бириккен Араб Эмираттарынын Emirates News Agency (WAM) расмий маалымат агенттигинин Фуджейра эмираты боюнча Директору Саид Каййани менен жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар өз уюмдарынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алмашып, технология, билим жана контент алмашуу, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти. К.Иманалиев Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде экенин жана эки өлкөнүн өз ара мамилелерин мындан ары бекемдөөдө маалыматтык кызматташуу чоң мааниге ээ экендигин белгиледи.
Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өтүп, тараптар мындан аркы кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашышты.