Жаңылыктар
УТРКнын Башкы директору Кайрат Иманалиев менен Кытай Эл Республикасынын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусу болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
УТРКнын Башкы директору Кайрат Иманалиев менен Кытай Эл Республикасынын КРдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусу болуп өттү

2022-жылдын 24-августунда Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясында Башкы директор Кайрат Иманалиев менен Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар тажрыйба, технология, билим, контент алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду түзүү, квалификацияны жогорулатуу курстарын уюштуруу тууралуу талкуулашты.

Элчи КЭР Элчилигинин УТРКнын долбоорлорун ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Корпорациянын 90 жылдыгына карата элчи Кытай тараптын УТРКнын техникалык жабдууларын модернизациялоо үчүн грант бөлүү ниетин билдирди.

Өз кезегинде К.Иманалиев Элчилик тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Кыргызстандын маанилүү стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер өз ара ишенимге жана түшүнүүгө негизделген узак жана даңктуу салтка ээ экенин, ошондой эле алар дайыма жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын билдирди.