Кыргызстанга Германиядан туристтик поезд келди. Сапардын максаты - өлкөнүн кооз жерлерин кыдыруу, кыргыз элинин тарыхы жана маданий мурастары менен таанышуу.
Ушул жылдын август айында германиялык туристтик компаниянын өкүлдөрү Германиядан келе турган коноктор үчүн Кыргызстандын ичиндеги темир жол аркылуу туристтик турга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен “Кыргыз темир жолу” ишканасына кайрылышкан.
Мекеме өлкөнүн туристтик дараметин өнүктүрүүнүн алкагында бул демилгени колдоп, аталган турга ар тараптуу көмөк көрсөтүп, туристтик поезддин өлкө ичинде темир жол менен жүрүү шартын, коопсуздугун камсыздады. Алгач коноктор Германиядан учак менен Алматы шаарына 4-сентябрда келишкен.
Андан соң 5-сентябрда поезд менен Кыргызстанга келишкен. Иш-чаранын жүрүшүндө туристтер Боом капчыгайынын көркүнө күбө болуп, «Рух Ордо» маданий борборунда болушту жана Ысык-Көлдү кыдырып чыгышы. 6-сентябрда туристтик поезд Бишкек шаарына кайтып келди.
Коноктор туркомпания уюштурган программанын калган бөлүгүн көрүшөт. Туристтер Кыргызстандан кийин Өзбекстанга барышып, андан соң Германияга кайтышат.