Жаңылыктар
Интернет көйгөйү Казакстанда 5-октябрда талкууланат
Экономика
Интернет көйгөйү Казакстанда 5-октябрда талкууланат

Интернеттин баасынын кымбатташы боюнча маселе Казакстандын расмий өкүлдөрү менен 5-октябрда талкууланат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков, Евразиялык экономикалык комиссиясынын Бишкекте өткөн жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, эгер соңку жолугушуудан жыйынтык болбосо, анда  Евразиялык экономикалык комиссия ишти иликтөөгө алмакчы. 

Эске салсак, жакында эле өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, интернеттин кымбатташы боюнча кырдаалды жөнгө салуу үчүн  аны жеткирүү боюнча башка өнөктөш мамлекеттерди  издөө керектигин тапшырган болчу. 

Учурда коомчулукта нааразычылыктарды жаратып жаткан интернеттин кымбатташы боюнча маселе Казакстанда 5-октябрда талкууланмай болууда. 


Мээрим Абдраманова