Жаңылыктар
Кыргыз делегациясы Өзбекстандагы иш-чарага катышат
Чек ара
Кыргыз делегациясы Өзбекстандагы иш-чарага катышат

Кыргыз делегациясы бүгүн Өзбекстандын Андижан шаарында өтүүчү кыргыз-өзбек чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш чарага катышат. Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев баштаган делегация өзбек тараптын чакыруусу менен Андижанга барат. 

Алар иш-чаранын алкагында Андижан облусундагы мамлекеттик университетке, мектепке, достук үйүнө, темир жол бекетинин жаңы имаратына жана Асака шаарындагы автомобиль заводуна барышат. 

Делегациянын курамында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, өкмөт мүчөлөрү жана маданият кызматкерлери бар.





Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118