Жаңылыктар
Бактылуу карылыктын доорун сүрүп жаткан баатыр эне
Кыргызстан жаңылыктары
Бактылуу карылыктын доорун сүрүп жаткан баатыр эне

11 баланы эрезеге жеткирип, бактылуу карылыктын 87 жашын баштан өткөрүп жаткан Аккыз Нурматованынын учурда 40 небереси, 27 чөбөрөсү бар. Аккыз апаны айылдагылар урматтап, “Курманжан датка” деп коюшат.

Анткени ал жаштайынан сакманда иштеп, жумушка бышкан. Пахта терип, темеки айдап, өлкөнү өнүктүрүп өстүрө турган эртеңки келечеги үчүн көп мээнет кылган. Азыр болсо, ошол эмгегинин үзүрүн көрүп, балдарынын төрүндө бактылуу карылыктын доорун сүрүп жаткан чагы

Түмөн түйшүк, талыкпас эмгектин арты менен эл ишин жасап, эл керегине жараган уул-кыздарын чоңойтту. Маңдай тер менен тапкан мээнети буюруп, 1981-жылы “Баатыр эне” деген наам алган. 

Аккыз апа мусулмандык парзын аткарып ажыга да барып келген. Бактылуу энеге азыр балдарынын кашында алардын жакшылыгына күбө болуп отургандан артык белек жок.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118