Жаңылыктар
Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынына катышты
Саясат
Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынына катышты

Президент Садыр Жапаров армян тараптын демилгеси менен өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезексиз сессиясына катышты. 

Кезексиз сессия армян-азербайжан чек арасындагы кырдаалга арналды. Мамлекет башчысы Кыргызстан эки дос мамлекеттин чек арасындагы кырдаалдын курчушуна абдан тынчсызданып жатканын белгиледи. 

Кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу зарылдыгын баса белгилеп, эки тарап күч колдонуудан алыс болуп, өз ара бардык пикир келишпестиктерди Армения менен Азербайжан ортосундагы ишенимди чыңдоо чараларынын негизинде тынчтык жолу менен чечет деген ишенимин билдирди.