Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасы: Паскы-Арык аймагында ок атышуу токтоду
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасы: Паскы-Арык аймагында ок атышуу токтоду

Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын акыркы маалыматына ылайык,  саат 16.00гө карата Баткен облусунун Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. 

“Самаркандек” чек ара заставасынын аймагындагы Паскы-Арык жеринде ок атышуу токтоду.

Эртең менен саат 08:10дөн баштап, Баткен облусунун аймагында тажик тараптын провокациялары менен коштолуп, улам ок атышуулар маал-маалы менен орун алууда.

Саат 08:10дө Булак-Башы аймагында куралдуу кагылышуу болуп, саат 14:00дө тажик тарап Как-Сай жеринде, ал эми саат 15:08де Паскы-Арык жеринде тажик тараптан ок атуулар башталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү эми Паскы-Арык жеринде уланары күтүлүүдө.

Чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерлерди кыдырып, атышуулардын чоо-жайын такташууда.