Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасы: эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасы: эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу башталды

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 14-сентябрь, cаат 16:20да Баткен облусунун Радар жерлигинде Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын жетекчилери баштаган делегацияларынын жолугушуусу башталгандыгын маалымдайт.

 Жолугушууга тараптардын чек ара өкүлдөрү, эки республиканын укук коргоо органдарынын бөлүм башчылары, күч түзүмдөрүнүн жана райондук администрациялардын жетекчилери катышууда.

 Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндегы кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турууда.