Жаңылыктар
Кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Саат 18.00гө карата алынган маалымат
Чек ара
 Кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат. Саат 18.00гө карата алынган маалымат

Чек ара кызматы саат 18:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

"Баткен чек ара отрядынын «Самаркандек» чек ара заставасынын аймагында орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында Кыргызстандын 1991-жылы туулган И.к.Б, жана 2001-жылы туулган Г.у.Б., аттуу жарандары катуу жаракат алышты. Г.у.Б., атуу жарандын абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат.

 Ал эми, Кыргызстандын Самаркандек айылынын И.к.Б., атуу жараны ок ич көңдөйүнө кирип, бел бөлүгүнүн октон жаракат алды. Ичине кан толуп, 3 даражадагы травматикалык шок алып, абалы өтө оор, тез арада операцияга кылууга муктаж. Жабыркаган жарандар Лейлек аймактык ооруканасына жеткирилип, аларга бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө -, деп айтылат маалыматта.

Тажик тараптан атышууда кара кийимчен, эч кандай белгиси жок сакалчан адамдар карапайым калкка, инфраструктуралык объектилерге, турак-жай имараттарына жана жарандардын башка мүлкүнө эч кандай зарылчылыксыз ок аткан. Ошол эле учурда тажик тарап гранатометторду, миномётторду жана ок атуучу куралдарды колдонушкан.