Шанхай кызматташтык уюму региондо кызматташуунун жана коопсуздуктун жаңы архитектурасын түзүүнүн негизги элементтеринин бири болгон кадыр-барктуу жана таасирдүү аймактык бирикме катары бекем орноду.
Уюмдун 14-16-сентябрда Самарканд шаарында боло турган кезектеги жыйынына Президент Садыр Жапаров катышат. Өлкө башчысынын Өзбекстанга иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулар болоору күтүлүүдө.