Жаңылыктар
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду
Чек ара
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө жерлигинде өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди. 

Маалыматка ылайык, чек арадагы кырдаалга көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргызстандын Баткен жана Тажикистандын Исфара багыттары боюнча чек ара өкүлдөрү Төрт-Көчө жерлигинде болушат. Ошондой эле тараптардын укук коргоо органдарынын райондук бөлүмдөрүнүн өздүк курамы Төрт-Көчө жерлигинде кайгуул иштерин жүргүзүшөт. Баткен облусунун жетекчилиги жана чек ара өкүлүнүн тажик кесиптештери менен кезектеги жолугушуусу Көк-Сай жерлигинде болот. 

Эскерте кетсек, бүгүн, эртең менен Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачылары мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган тилкеде күжүрмөн позицияны ээлешкен. Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. 

Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду. Түш ооп Тажик чек арачылары тараптан дагы ок атуу “Достук” чек ара тозотун көздөй жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына болгон. Бул аймактагы окуядан Кыргызстандын эки жай тургуну олуттуу жаракат алышты.