Жаңылыктар
КР эл артисти Бакирдин Алиевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндө ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
КР эл артисти Бакирдин Алиевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндө ачылды

Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино өнөрүнүн чебери Бакирдин Алиевдин эстелиги “Ала-Арча” көрүстөнүндө ачылды. 

Маркумдун жаркын элесин эскерүү үчүн чыгармачыл интеллегенциянын өкүлдөрү, жакын туугандары жана коомдук ишмерлер келди. Бакирдин Алиевдин чыгармачылык жолу Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрында башталган. Кийинчерээк борборго келген. 

Ага чейин Алиевдин өнөрү көпчүлүккө белгилүү болбой келген. Кечиптештери акыркы жылдары Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында иштеп турган убакытта көзү көрбөй калса дагы, жаштарга тажрыйбасы менен бөлүшүп турганын эскерди. 

Өз кесибинин фанаты эле деген иш-чаранын катышуучулары Бакирдин Алиев комедиялуу чыгармаларды ийнине жеткире аткарганын кошумчалашты. Бакирдин Алиев 2014-жылы каза болгон.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118