Жаңылыктар
К.Ташиев: чек арадагы коопсуздукту сактап калганга күчүбүз, мүмкүнчүлүгүбүз дагы жетет
Чек ара
К.Ташиев: чек арадагы коопсуздукту сактап калганга күчүбүз, мүмкүнчүлүгүбүз дагы жетет

Баткен облусунун аймагында абал тынч жана туруктуу, бирок ошол эле учурда чыңалуу бар экенин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. 

Ошондой эле, кечээ күнү кыргыз-тажик чек арасындагы конфликте коңшу тараптан 5 жерден чабуул болгонун да маалымдады. Анын төртөө аскердик объектилерге болсо, бирөө калктуу конушка карата ок атылып, Самаркандек айлында 10 жарандык объект жабыркап, 4 жай тургун жаракат алган. Аны менен кошо чек ара окуясында 2 аскер жарадар болгон. Бул кырдаал боюнча чукул жыйын өткөрүп, жеринде абалды көрүп, жарадар болгондордон кабар алуу үчүн УКМК төрагасы Баткен облусуна барды. 

УКМК төрагасынын маалыматы боюнча бул окуялар коңшу өлкө тараптан белгисиз адамдар тарабынан атайын даярдалган чагымчыл аракет жана буга далилдер бар деди. Учурда сүйлөшүүлөрдүн арты менен жетишилген макулдашуулар боюнча иштер жүрүп, туруктуулукту сактоого, чек аранын бүтүндүгүн коргоого бардык күч жумушалып, өлкө башчысынын көзөмөлүндө экени белгиленди.