Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуду. Таңкы саат 07.00гө алынган маалымат
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал курчуду. Таңкы саат 07.00гө алынган маалымат

"Саат 06:00дө тажик тарап Чек ара кызматынын чек ара отряддарын жана Эки-Таш, Чыр-Дөбө жана Кум-Кум-Таш аймактарында кыргыз тараптын позицияларын аткылоого киришти. Куралчан топтор Мазар жана Ортобоз участкаларын да аткылоодо"- деп маалымдайт Чек ара кызматы.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын Көк-Таш чек ара заставасын миномёттор менен аткылай баштаган. 

Учурда Чек ара кызматынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасына жайгаштырылган бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө. Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат.