Жаңылыктар
Тажик тарап Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады. Саат 08:25ке алынган маалымат
Чек ара
Тажик тарап Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады. Саат 08:25ке алынган маалымат

Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы саат 08:25ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

"Тажик тарап Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын аткылай баштады. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болуп жатат. Бул багытта турган КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жооп иретинде ок атууда" - деп айтылат маалыматта.