Жаңылыктар
Кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатат. Саат 09:30га карата алынган маалымат
Чек ара
Кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатат. Саат 09:30га карата алынган маалымат

Саат 09:30га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон калууда. “Кызыл-Бел-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда.

Жолугушууга Тараптардын чек ара өкүлдөрү катышат. Чек ара кызматы Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгилейт. Ошону менен бирге тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонулуп жатканын маалымдайт.