Жаңылыктар
Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлери чек ара көйгөйүн талкуулашты
Чек ара
Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлери чек ара көйгөйүн талкуулашты

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Тажикстандын Тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Кыргыз тарап чек ара көйгөйлөрүн саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүү зарылдыгын дагы бир жолу белгиледи. Учурда Министр Кулубаев чек ара аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Тажикстандын Тышкы иштер министри менен дайыма байланышта болууда.